• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Акыйкатчыны кабыл алды

7 Бирдин айы 2020 16:22 Бишкек Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жолугушуунун алкагында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо системасы, укук коргоо институтунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү чаралары талкууланды. Акыйкатчы жарандардын укуктарын жана эркиндигин бузуу фактыларын, кайрылууларын кароо жана текшерүү, алардын укугун калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Ал калктын кайрылууларынын көпчүлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнө, турак-жай маселелерине, медициналык, билим берүү жана башка тармактарда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына байланыштуу экенин баса белгиледи.

Токон Мамытовдун берген маалыматына ылайык, учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунуштала турган 2019-жылдын «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндө» Акыйкатчынын жылдык доклады даярдалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков адамдардын укугун коргоо, жарандык укукту жана эркиндикти басмырлоонун бардык түрлөрүн алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүдө Акыйкатчы институтунун өзгөчө ролун белгиледи. Жарандардын кадыр-баркына жана эркиндигине шек келтирүү боюнча бардык фактыларга ыкчам чара көрүү зарылдыгына көңүл бурду.

Количество просмотров: 52