• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Акылбек Жапаровду азырынча кетирбейт…

11 Бирдин айы 2022 14:20 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз кызматы акыркы убакта коомчулукта, Акылбек Жапаров башында турган Министрлер Кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу ар кыл кеп-сөздөр жүрүп жатканын айтып, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын кабарлашты.

«Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер Кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер Кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар.

Өлкөбүздүн жарандары өзгөрүүлөрдү өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда сезиши үчүн Министрлер Кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек.

Аны менен бирге, Президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары Министрлер Кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жекече жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилейбиз”, — деп билдирди Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Эске салсак, буга чейин комчулукта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кызматтан кетирүү маселеси бар экени айтылып, анын ордуна дайындала турган талапкерлердин да аты аталып жаткан болчу.

Количество просмотров: 331