• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент алты өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

17 Бугу 2021 11:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Пакистан Ислам Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Венгриянын, Афганистан Ислам Республикасынын, Түркия Республикасынын, Казакстан Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ишеним грамоталарын кабыл алган соң, мамлекет башчысы ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, алар менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.

Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, аларга Кыргызстандагы ишинде алдыга койгон бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Алардын эл аралык бай тажрыйбасы өлкөлөрдүн ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызмат кыла тургандыгына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров чет мамлекеттердин элчилерине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө, алардын жооптуу дипломатиялык кызматтагы иш-аракеттерин колдоого даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Пакистандын элчиси — Сардар Азхар Тарик Хан, Өзбекстандын элчиси — Хуршид Мирзахидов, Венгриянын элчиси — Шандор Дороги, Афганистандын элчиси — Бисмилла Вазири, Түркиянын элчиси — Ахмет Садык Доган, Казакстандын элчиси — Рапил Жошыбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиришип, тигил же бул маселелерди чечүүдө Кыргызстан менен кызматташууну чыңдоонун оңтойлуу жолдорун табуу үчүн бардык билимин жана тажрыйбасын пайдаланууга болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Количество просмотров: 86