• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент Анкарадагы Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду

9 Кулжа 2021 16:56 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барды.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмеринин бейитине гүлчамбар коюп, анын элесине таазим кылды.

Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

«Аныткабир» мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн расмий иш сапар менен Түркияга барган. Мамлекет башчысын коштоп кеткендердин тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Количество просмотров: 209