• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент башкы машыктыруучу Тарковичке көңүл айтты

18 Жалган куран 2024 9:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

“Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготууңузду тең бөлүшөм.

Бала кезиңизде спортко болгон шык-жөндөмүңүздү байкап, келечекте белгилүү футболчу болуп чыгышыңызга атаңыздын салымы чоң экенин жакшы билебиз. Жогорку деңгээлдеги футболчу, машыктыруучуну тарбиялаган атаңызга терең таазим этип, ушундай азалуу күндө дагы кыргыз элинин үмүтү болгон Улуттук курама команда менен чогуу болгонуңузга ыраазычылык билдирем.

Футболчуларыбыз алдыдагы оюнга даярданып жаткан учурда тагдырдын оор сыноосуна карабай, Улуттук команда менен бирге болуу чечимиңизди футболчуларыбыз да, спорт күйөрмандары да – жалпы эле кыргыз эли жогору баалайт деп бекем ишенем.

Башкы машыктыруучунун мындай мамилесин түшүнгөн футболчуларыбыз, алдыдагы мелдеште татыктуу оюн көрсөтөрүнө үмүт артам”, — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футболчулары Кытайдын Тайбэй курама командасы менен беттешүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 83