• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент Башкы чалгынчыны коррупцияга каршы катуу аракеттенүүгө буюрду

28 Бугу 2018 15:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.05.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты
Жолугушууда Президент башкы чалгынчыдан 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруудагы иш-чаралр тууралуу сурап, кошумча тапшырмаларды берген.
Ал айрыкча, коррупция, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгилеген.
“Эң негизгиси кылмышка күнөөсү бар, кылмышы толук далилденгендерди катуу тартипте жазалоо, алардын мамлекетке келтирген зыянын толугу менен кайтаруу иштери мааниге ээ болушу керек”,-деген өлкө башчы.
Эске сала кетсек, Идрис Кадыркуловдун кызматка киришкенине 2 айдан ашык убакыт өттү.
Количество просмотров: 9