• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзамга кол койду

19 Аяк оона 202411:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Баткен облусундагы айрым аймактар бириктирилди. Ага ылайык, аймактардын чеги бекитилиши керек. Президент 13-сентябрда кол койгон «Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» мыйзам «Эркин-Тоо» гезитинин 17-сентябрдагы санына жарыяланды.

Жогорку Кеңештин төрт комитети 11-сентябрда Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоорун кечиктирилгис жана кезексиз түрдө жабык караган.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов «мыйзам долбоору Баткен облусунун административдик аймактык бирдиктерин социалдык-экономикалык кырдаалын турукташтырууга, калктын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын» билдирген.

Количество просмотров: 115