• Шейшемби 21 Теке 2026
  • Вторник 21 Июль 2026

Президент бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун мөөнөтүн өзгөрттү

7 Бугу 202411:55 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-апрелиндеги №81 буйругу менен “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун мөөнөттөрүн өзгөрттү.

Буга чейин жумушчу топко 2024-жылдын 1-майына чейин төмөндөгү иштерди аткаруу жүктөлгөн:

  • “Коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу;
  • такталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгаруу.

Эми мөөнөт өзгөрдү – жумушчу топ 1-ноябрга чейин жогорудагы тапшырмаларды аткаруусу керек.

Количество просмотров: 53