• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Президент биринчи Элдик курултайда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча маалымат берди

15 Бештин айы 2023 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, былтыр ноябрда өткөн биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтолду.

Президенттин айтымына караганда, Элдик курултайдын резолюциясы менен 3 миң 182 пункттан турган иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Анын ичинен 68и – сот, укук коргоо органдарына караштуу маселелер, 1548и – социалдык-экономикалык маселелер, 313ү – жер менен байланыштуу маселелер, 1253ү – суу сактагыч, ишканалар сыяктуу чарбалык иштерге байланышкан ар түрдүү маселелер.

Бул 3182 иштин:

  • 358и — аткарылды (11,25 %);
  • 2 200ү — аткарылууда (69,14 %);
  • 523ү — өз убагында аткарылган эмес (16,44 %);

«Аткарууда турган пункттар аягына чейин жеткирилет жана толугу менен ишке ашырылат. Бир катар маселелерди аткарууга убакыт талап кылынууда. Ошондуктан алар боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Ал эми аткарыла элек иштер боюнча тиешелүү жетекчилер менен иштер алып барылууда», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Количество просмотров: 96