Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсү, жолдордун курулушу тууралуу 2-октябрда «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп, бир катар суроолорго жооп берди. Жапаров өз маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айтты.
Ошондой эле президент өлкө боюнча бир катар чоң долбоорлор башталып жатканын айтып, өлкөдөгү миллиардер, миллионерлерди коркпой келип, ошол долбоорлор менен иштөөгө чакырды.
«Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионерибиз бар. Көпчүлүгү акчаларын оффшорлордо сакташат. Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.
Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтаар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз»,-деди Жапаров.