• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Чүйдө автоунаа чыгаруучу ишканасынын курулушуна капсула салды  

29 Бирдин айы 2024 9:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 28-февралда, Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чыгаруучу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушуна “мезгил кутусун” салды.

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү КР министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар тарабынан “China Hubei Zhuoyue Group” кытай компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөмү 115 миллион АКШ долларын, долбоордук кубаттуулугу — жылына 80 миңден ашуун автоунааны түзөт.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат, анын ичинде салык жеңилдиктерин берүү, инвесторлор үчүн жагымдуу жагдайларды жаратып жатканын айтты. Президент тышкы инвестицияларды тартпастан тез экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эместигин баса белгиледи. Ал бул инвестициялык долбоор республиканын автоунаа өнөр жайын өнүктүрүүгө, ички дүң продукциядагы бул тармактын үлүшүн арттырууга жана кошумча жумуш орундарынын жаралышына чоң өбөлгө берет, деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров тармакта жагымдуу шарттарды камсыз кылуу менен бирге автоунааларды чыгаруу, импортко автоунаа тетиктерин өндүрүү жана эл аралык сооданы өнүктүрүү жолу менен Кыргызстандын улуттук автомобиль брендин түзүүгө максат коюш керектигин баса белгиледи.

Президент бул мүдөөгө жетүү — бул тармакты өнүктүрүүгө кедергисин тийгизип жаткан тоскоолдуктарды жоюп, андан улам пайда болгон чыгашаларды азайтып, өлкөнүн экономикалык кирешесин арттырып, жумуш орундарын түзөрүн белгилеп өттү.

Мамлекет башчысы биздин өлкөдө ишке ашырылып жаткан мындай чоң долбоор ар тараптан колдоого муктаж экенин белгилеп, бул ишкана “Кыргызстанда чыгарылган, Кыргызстанда өндүрүлгөн” деген брендди түзүүгө башат болуп беришин тилек кылды.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргендей, долбоорду ишке ашыруунун башталышы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн натыйжасы болуп саналат. Ал мамлекет башчысына жеке көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы ишкер кызматташтыкка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы аракеттердин аркасында долбоор ишке ашырылып, Кыргызстан менен Кытайдын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүдө үлгү болот деген ишенимин билдирди.

Автоунааларды чыгаруу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананы ишке киргизүү үстүбүздөгү жылдын август айында күтүлүүдө.

Количество просмотров: 61