• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент чек арада жаракат алган аскерлердин абалынан кабар алды

12 Бугу 2020 10:23 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 208