• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент чоң муштум депутатты кантип тыят?

13 Жалган куран 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги ресторандардын биринде калайман мушташ болгондугу тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров аралашканын көрүүгө болот. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Арыз жазган 1997-жылы туулган жаран бүгүнкү күндө Улуттук госпиталда жатат. Жабырлануучу комментарий берүүдөн баш тартты. Ага баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюлган.

Ал эми биздин редакция Абировдун өзүнөн интервью алууга аракет кылып, бирок мындан майнап чыккан жок. Эл өкүлү жумуш ордунда жок болуп чыкты.

Бул арада социалдык тармактарда депутат Жаныбек Абировдун мандатын тапшыруу талабы айтыла баштады. Мындай жагдайда моралдык жоопкерчилик кандай болот? деген суроо менен юристтердин пикирин уктук.

Чуулгандуу окуя мамлекет башчыга да жетти. Жапаров парламент депутаты катышканы айтылган мушташ учурун иликтөөнү тапшырды.

«Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт».

Коомчулукта аткаминерлер, жогорку кызмат адамдары, милиция кызматкерлери аралашкан чуулгандуу окуялар көп эле катталып келет. Деген менен алардын кызмат ордунагы жоопкерчилиги каралган учурлар жокко эсе.

Количество просмотров: 1540