• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент дагы бир катар чиновниктерге эскертүү берди

7 Жалган куран 202520:26 Бишкек Govori.TV

Бир катар чиновниктерге эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын 54-пунктунун “а” пунктчасына ылайык төмөнкүлөргө эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулат, деп айтылат.

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Салиев Алмаз Абдылдаевичке;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кимсанов Улан Ашимовичке;
  • “Ош” бажысынын башчысы Кожонов Тимурлан Акуновичке;
  •  “Нарын” бажысынын башчысы Алимов Нурбек Шакировичке. 
Количество просмотров: 496