• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды

15 Жалган куран 2024 22:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды ыйык Орозо айы менен куттуктады.

Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.

Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда орозо кармагандардын дуба-тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалады.

Количество просмотров: 142