• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Президент: Добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөт

19 Аяк оона 2020 16:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берип, добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты.

«Мен мурда да айткам, азыр да баса белгилеп кетким келет. Шайлооону таза, адилет өткөрүү үчүн Президент — мен тарабымдан талап кылынчу мыйзамдын алкагындагы милдеттеримдин баарын аткардым, аткарам. Бирок, бул процесс бир гана Президенттен, же Өкмөттөн, БШКдан гана көз каранды эмес. Добуш сатпоо маселеси биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды. Мен Коопсуздук кеңешин атайын ушул шайлоо маселеси боюнча өткөрүп, укук коргоо органдарына тапшырмаларды бердик. Эң негизгиси — кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей катуу мамиле камсыздоо деген талап коюлган. Бул боюнча иш аткарылып жатат. Фактылар болсо — жазаланат. Бирок, тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат» деди деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтып жатышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатышат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок болуп жатат. Бир же эки эле учур болбосо, негизинен имиш-имиштер болуп жатат.  Бирок, ошого карабастан, тиешелүү органдар азыр ошондой кылам деген партияларга, ошондой сөз болгон жерлерде, ошондой маалыматтар түшкөн жерлерде, түздөн-түз кайрылбаса дагы, укук коргоо органдары алар менен иштеп жатат. Демек, сиз айткандай, коомубуз өзү да ушуга барып жатат деген туурадыр. Добуш сатуу менен коом да күрөшүү керек. Азыр угуп, көрүп жатам. Сиздер, массалык маалымат каражаттары элди чакырып, түшүндүрүү иштери болуп жатат. Жакшы түшүндүрүү иштери болуп жатат. Ушул ишти күчөтүүбүз керек. Элге ушуну сиңириш керек. Бул өзүбүздүн, элибиздин, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги. Ушундай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек деп өзүбүз да күрөшүүбүз керек. Мына, айтып жатышат, паспортун алып кетип жатышат деп. Паспортун алып кетип, азыр мынчадан беребиз, калганын кийин беребиз деп жатышат деген сөз болуп жатат. Органдар иштеп жатышат. Бирок, кайрылып, мына, менин паспортумду алды, муну мындай кылды деп кайрылган адам өзү жок болууда. Ар бир шайлоочунун өз иши, кандай кылат. Бирок паспортун эч кимге бербеш керек. Ал өзүнүн жеке документи. Добуш берүү купуя сакталат. Эч ким мажбурлай албайт, «буга сал, буга салба», деп. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген да сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр. Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң. Добуш берүү 4-октябрда гана болот»,-деди мамлекет башчы.

Количество просмотров: 80