• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Президент элди кабыл ал!». Өкмөт үйүнүн алдында чогулгандар бийликке кайрылуу жасашты

15 Бирдин айы 2021 13:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдында тынчтык митинги өтүп жатат. Чогулгандар кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечип берүүнү талап кылып жатышат.

Митингге 60тай киши чогулган.

Митингчилер Көк-Таш, Ак-Сай айылдарындагы жана Ала-Бука районундагы (Жалал-Абад облусу) чыр-чатактардан улам Кыргызстандын түштүгүндөгү мамлекеттик чек араны делимитация кылууну талап кылып жатышат.

Алар президент Садыр Жапаров жана премьер-министр Улукбек Мариповго кайрылып, аталган маселелерге көңүл бурууну жана тышкы саясаттагы эмес, ички саясаттагы көйгөйлөрдү чечүүнү суранышты.

«Чек ара маселеси өтө оор жана көйгөйлүү масале болгондуктан аны эч жылдыруусуз, жакынкы арады чечүү керек. Биз жаңы өкмөттөн кандайдыр бир реакция болот деп күткөнбүз, бирок аны көргөн жокпуз. Ошондуктан чогулуп, аталган маселенин чечилишин талап кылабыз, анткени биз мамлекеттин тагдырына кайдыгер эмеспиз», — дешүүдө алар.

Учурда чогулгандар президенттин кабыл алуусун талап кылып, күтүшүүдө. Кошумчалагнгандай чек ара маселеси чечилбесе, мындай нааразычылык акциясы мөөнөтсүз убакка созулуусу мүмкүн.

Количество просмотров: 313