• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент: Май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз

21 Үчтүн айы 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров электр жарыгы өчүрүлүп жатканына байланыштуу элге кайрылуу жасады.

‘Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде
өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей
(жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет)
кошуна өлкөлөрдөн 3 миллиард кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып сатып алып келебиз.
(Мурда 5 сомго чейин алып жүргөн экенбиз).

Аны элге 0,77 тыйындан беребиз, андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50 тыйындан, тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон аймактарга 0,77 тыйындан лимитсиз берилип, ортодогу айырма баягы эле энергетика тармагынын 137 миллиард карызынын үстүнө карыз болуп кошулуп келет.

Былтыр биз тарифтерди кандай кылдык?

Тоо кен казган тармактарга 5 сом 04 тыйын, мамлекеттик жана орто ишканаларга 3 сом 40 тыйын ал эми, элге 0,77 тыйындан калтырдык.

Ушундай жол менен энергетика тармагынын карызын өстүрбөй кармап туралы деген аракет болуп жатат.

Келечекте карызды толук жабабыз.

Энергетика тармагы мамлекетти кышта дагы толук кандуу өзүбүздүн электр энергиябыз менен тейлөөгө мүмкүнчүлүк алат.

Ал үчүн, ушул тапта 50 гө жакын орто жана кичи ГЭСтер курулуп, Камбар Ата-1 ГЭСин курууга даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.
(жол, көпүрө, туннель, электр аба чубалгылары ж.б.).

Сөзүмдүн акырында элге кайрылаарым, жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз.

Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар»,-

-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 230