• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент кайсы судьяларга сыйлык берди (Тизме)

9 Бештин айы 2019 12:13 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мыйзамдуулукту чыңдоодо сиңирген эмгеги жана сот органдарындагы көп жылдык үзүрлүү иши үчүн бир катар сот системасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген ардактуу наам ыйгарылды:

Сатыбалдиева Нургуль Айыповнага — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясына.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:

Аширов Жанышбек Сайдилаевич — Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы;

Бекмухамедова Дилором Абдулнабиевна — Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиянын ишмердүүлүгүн камсыздоо бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсү;

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич — Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун судьясы;

Джаналиев Бекболот Болотбекович — Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы.

Мындан тышкары, бир катар судьялар, ардагерлер жана сот системасынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.

Сыйлыктар Кыргыз сотунун 95 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада тапшырылды.

Количество просмотров: 2761