• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Президент: “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу коңшулардын сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт

8 Кулжа 2022 13:34 Бишкек Govori.TV

«“Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземде.

Мамлекет башчысы билдиргендей, “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот.

«Ошондой эле, дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт. Тактап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз», — деди ал.

Садыр Жапаров бул жагдай Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн. АКШ долларын түзөрүн кошумчалады.

«Ошентип, биз үчүн финансылык пайда болсо, экологиянын зыянга учурабагандыгын эске алганда “Камбарата-1” ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор экени анык», — деди президент Жапаров.

Количество просмотров: 94