• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент: Келечекте электр энергия Кытайга экспорттолот

18 Тогуздун айы 2019 17:44 Бишкек Govori.TV

«Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышуу учурунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташууну толук түрдө ишке ашырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерибизди толугу менен аткарууга даяр болушубуз зарыл.

«CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу — өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат. Келечекте Кытай Эл Республикасынын рыногуна чыгууну максат кылабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 757