• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Президент келечекте өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу ойлонууга чакырды

13 Баш оона 2018 10:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин VII жыйынында өнүктүрүү стратегиясы менен тааныштырды.
 “Менин төрагалыгым менен биринчи жолу өтүп жаткан Улуттук кеңештин бүгүнкү жыйында өлкөбүздүн келечегине багытталган абдан маанилүү маселе каралат. Азыр алыскы келечек жөнүндө,өнүгүүнүн узак мөөнөттүү пландары тууралуу ойлонсок болот. Бул үчүн баардык зарыл шарттар бар. Учурдагы саясий,экономикалык жана социалдык кырдаал келечектин пландары аныктап,аларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Коомдун, мамлекеттин учурдагы абалы келечекте цивилизациянын улуу көчүнөн артта калбай өнүгүү зарылдыгы бул маселенин актуалдуулугун шарттайт. Эң негизгиси – келечекте биз кандай өлкөнү курушубуз керек деген сууроого жалпы элибиз өз пикирин билдирди. Коомчулуктун ой-пикири,социалдык заказы ушул документте чагылдырылды. Кыргызстан өзүнүн өнүгүү жолунда кайсы багыттарды артыкчылыктуу деп кабыл алаары ушул стратегияда аныкталды. Ошондуктан бул стратегия – Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин өнүктүрүү саясатын аныктаган жалпы рамка катары каралууга тийиш”, – деп баса белгиледи Президент.
Количество просмотров: 22