• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Президент: Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу

5 Бугу 201910:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.05.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

5-май — эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өзгөчө маанилүү күн.

Мындан 26 жыл мурда, ушул күнү көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган.

Ал жалпы адамзат баалуулуктарын туу туткан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мыйзамдуу пайдубалын түптөдү.

Конституция — бул өзгөчө баалуулук, мамлекеттик жана жарандык биримдиктин символу.

Негизги мыйзамда камтылган ченемдерди кыйшаюсуз аткаруу — сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили.

Майрамыбыз кут болсун, урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, жергебизге гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм.

Кыргызстаныбызды Кудай колдосун!»

Количество просмотров: 14