• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Президент: Коомчулук судьялардын иштерине дале болсо нааразы

4 Жалган куран 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-мартта, Бишкекте Кыргызстандын судьяларынын XII курултайында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөду.

Жапаров судьяларга шарттар түзүлүп, камкордук көрүлө турганын айтып, бирок судьялар корпусу тарабынан соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган чечкиндүү кадамдар байкалбай жатканын белгиледи.

«Коомубузда, жарандарыбызда судьялардын иштерине, сот адилеттүүлүгүнүн акыбалына дагы деле нааразы. Соттордун калыстыгына, иш билгилигине көлөкө түшүрө турган аракеттер: жүрүм-турум, этикалык нормалардын бузулушу жана терс көрүнүштөр жеке судьянын аброюну гана шек келтирбестен жалпы мамлекеттин жана Кыргызстандын президенти катары менин дагы беделиме шек келтирет”, — деп белгиледи Жапаров.

Теги:
Количество просмотров: 114