• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президент: Коронавирус боюнча абал жакшырууда, бирок ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек

22 Баш оона 2020 17:19 Бишкек Govori.TV

Коронавируска байланыштуу кырдаал жакшырууда, бирок биз ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, илдет басаңдады, бирок экинчи толкун деген божомол бар, аны баарыбыз билип жатабыз, окуп жатабыз. Аймактарда кырдаал оордоп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгон, ал кооптонуу дагы эле бар.

«Натыйжалуу вакцина табылганча ар бирибиз гигиеналык жана санитардык эрежелерди сактоого милдеттүүбүз. Эрежелерди сактоо — ар кимибиздин милдетибиз. Мындан ары илдетти жайылтпоо ар бир жарандын коомдук, социалдык жоопкерчилигинде, кайдыгер болбоңуздар дейт элем. Ар бир адам өзүбүзгө кандай мамиле кылганды кааласак, башкага да ошондой мамиле кылышыбыз керек. Ошондо бул илдет менен күрөштө жеңебиз. Кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн, буга эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан «сактыкка кордук жок“ демекчи, бул илдеттен коргонуу — ар кимибиздин өз колубузда. Буга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 166