• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Президент: Коррупция менен күрөшүүдө позициябызды жакшырттык

17 Аяк оона 2020 17:23 Бишкек Govori.TV

Антикоррупциялык чараларды активдүү ишке ашыруу биздин өлкөгө өзүнүн позициясын эл аралык антикоррупциялык рейтингдерде жакшыртууга мүмкүндүк берди. Акыркы эки жыл ичинде биз өлкөнүн рейтингин 135-орундан 126-орунга көтөрүү менен, 9 позицияга жакшырта алдык. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында айтты.

Мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларга токтолду.

«Атап айтканда, коррупциялык иш жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга мөөнөтүнүн эскириши алып салынган.  Мыйзамсыз баюу үчүн жазык жоопкерчилиги каралган ченемдер практикада колдонула баштады. Кирешелеринин жана чыгашаларынын мыйзамдуулугу шектенүү жараткан кызмат адамдарына карата 18 сотко чейинки өндүрүш катталган. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилди.  Укук коргоо органдарынын жетекчилерине өздөрүнүн кызматкерлерин терс көрүнүштөр  боюнча жумуштан бошотуп, алардын коррупциялык кылмыштарды жасашына жол бербөө мүмкүнчүлүгү берилген. Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» жана «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынган. Тезинен кабыл алууга зарыл болгон мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Депутаттар айрымдарын кабыл алууга үлгүрүштү. Калгандарын жаңы парламент колдойт деп ишенем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 57