• Жума 25 Кулжа 2021

Президент куйган капсула катып калды. Курулуштан дайын жок…

11 июня 2021 в 13:09 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салынгандан бери курулуш жүрбөй токтоп турат. Бул тууралуу социалдык тармактарда жеринен тартылган сүрөттөр жарыяланды.

“Сүрөткө түшүү үчүн даярдалган окшойт. Жок дегенде фундаменти бүтпөптүр. Президент салган 2 күрөк капсула боюнча турат”,-деп жазган интернет колдонуучу.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров үстүбуздөгү жылдын 6-майында Баткендин Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салган. Анда Лейлекте бүгүн аскердик шаарчанын курулушу башталганы кабарланган.

Количество просмотров: 1077