Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.
Мамлекеттик визиттин алкагында Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.