• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Президент: Кыйкырган менен маселе чечилбейт

19 Бештин айы 2018 18:04 Бишкек Govori.TV

19. 12. 2018. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынд  Кытай менен болгон катнашка өтө аяр мамиле кылуу керектигин айтты.

“Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык. Ага дипломатиянын эң жогорку мамилеси керек. Ал жактагы кыргыз туугандарыбыз Кытай элинин жараны, ал жакта Кытайдын мыйзамдары иштеп, ошого баш ийишет. Биз алардын ички ишине кийлигише албайбыз. Биз азыр дипломатиялык каналдар менен иштеп жатабыз. Буга этият мамиле кылыш керек”, — деди Жээнбеков.

Президент ошондой эле бакырып чыкса эле баары чечилип кетсе өзү биринчилерден болуп “коё бер эле, коё бер!»,- деп кыйкырып чыгаарын айтты.

Жээнбеков бул багытта дипломатиялык каналдар менен иштер жүрүп жатканын дагы бир жолу эскертти.

Теги:
Количество просмотров: 18