• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президент кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен өзгөчө куттуктады

1 Үчтүн айы 2024 0:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы 2023-жылы менен өзгөчө куттуктады.

Жапаров өз куттуктоосун Чүй боорундагы лыжа базасынан жолдогон.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Ардактуу алыс-жакында жүргөн журтташтар!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Арадан жыл айланып, дагы бир жылды карытып, жаңы — 2024-жылга аяк басканы турабыз.

Мындан туура бир жыл мурда Мекен чеги башталган байманалуу Баткен жергесинен жалпы журтту Жаңы жыл менен куттуктап, Жараткандан эл-журттун эсенчилигин, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүн тиледик эле.

Мына минтип берген убадабызды аткарып, чек арадагы элди сүйүндүрүп, Баткен облусун калыбына келтирүү менен жети дубаныбыз тегиз бейпилдикте жаңы жылга кирип баратабыз.

Быйыл бүткүл кыргызстандыктарды жаңы 2024-жылы менен жети дубандан келген элди кучагына батырып, биримдиктүү кыргыз жараны атыктырып жаткан берекелүү кең Сары-Өзөн Чүйдүн боорунан – “Орловка” тоо-лыжа базасынан куттуктоону туура таптым.

“Дени сак улут – дени сак өлкө!” деп, жеке эле лыжа спорту эмес, спорттун кайсы гана түрү болбосун машыгып, калкыбызды сергек жашоого чакырык жасоо менен жаңы жылга кирели деген ниеттемин.

Узап бараткан жыл өнүгүүгө бет алган окуяларга бай болду.

Дүйнө жүзүндөгү ар кандай олку-солкулуктарга карабай, экономикалык саясатыбыздын туура, таза жана жыйынтыктуу жүргүзүлүшүнөн улам, өлкөнүн ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомдон ашып, өлкө бюджетинде оозубуз толо триллион деген сумманы колдоно баштадык.

Салыктык жана бажылык жыйымдардын саны кескин көтөрүлдү.

Мунун аркасынан мамлекетибизде бир катар масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Бул жаатта жүздөгөн мектеп, ондогон бала бакчалардын салынышы, ички жолдордун асфтальтталышы, инфратүзүмдүк объектилердин курулуштарына баарыңыздар күбө болуп келесиздер.

Мындан сырткары, ири инвестициялык долбоорлорго старт берилди.

Алардын үзүрүн жакынкы келечекте көрө баштайбыз.

Тынчтыкты жактоо, көп вектордуу кызматташуу жана эл аралык укукту урматтоо принциптерине негизделген тышкы саясатыбыз акыркы уч жылда жогорку денгээлде жолго коюлду.

Экономиканын жогорулашына, калктын жашоо шартынын жакшырышына, өнөр жай, завод-фабрикалардын иштешине эң негизги өбөлгө болчу энергетика тармагында акыркы жылдары алдыга карай чоң жылыштар башталды.

Административдик-аймактык реформа пилоттук режимде Түп району менен Нарын облусунда ийгиликтүү жүргүзүлүп, бул аймактарда элге кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулап, жайыттар, ирригациялык система, таштандыларды жана ичүүчү сууну башкаруу тармагында иш алып баруу ыкмалары кайра уюштурулду.

Өлкөбүздө өнөр жай тармагында Фонддор жана банктар аркылуу бир топ өнөр жай ишканалары ачылды.

Баарыбызга маалым, быйыл коррупцияга каршы иш-чаралар кызуу жүрүүдө.

Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат».

Количество просмотров: 257