• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Президент Кыргызстандын Пакистан жана Израилдеги жаңы элчилерин дайындады

2 Теке 202121:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Өмүралиев Кубанычбек Касымович ишин айкалыштыруу боюнча Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Дагы президент кол койгон Жарлыкка ылайык, Бейшембиев Эрик Айдарканович Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Ал эми Тотуяев Уланбек Асанкулович Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Количество просмотров: 197