• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Кыргызстандын Россиядагы элчисине бир катар тапшырмаларды берди

20 Баш оона 202415:37 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.

Мамлекет башчысы жооптуу дипломатиялык миссиясында Элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды коюп, соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурду.

Кубанычбек Боконтаев өз кезегинде Кыргызстан-Россия кызматташтыгын тереңдетүү боюнча пландар тууралуу айтып берип, эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө активдүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Количество просмотров: 99