• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

14 Аяк оона 2020 11:30 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, айыл чарба, транспорт жана жол боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.

Мамлекет башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, гуманитардык жардам көрсөткөнү, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн Кытай Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы электрондук соода жана маалыматтык технологиялар сыяктуу чөйрөлөрдө кызматташуунун жаңы моделдерин ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Бул өз кезегинде өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөт.

Коронавирус инфекциясынын макроэкономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жолугушуу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин жолдогон саламын айтты.

Ал ошондой эле Си Цзиньпиндин билдирүүсүн окуп берди. Анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер коронавирус инфекциясы пандемиясынан улам келип чыккан сыноолорго туруштук бергендиги, эми азыр пандемиядан кийин кызматташтыкты, анын ичинде «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында да бекемдөөгө көңүл буруу керектиги жөнүндө белгиленет.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле өз ара тилектештикти жана учурдагы түзүлгөн кырдаалда бири-бирин колдоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 80