Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, өлкөнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта ылайык жолугушуу жабык форматта өттү. Жолугушуу эң актуалдуу темаларды талкуулоо максатында уюштурулган.
Иш-чарага басма сөз, телеканалдар, маалымат агенттиктери жана жаңылыктар порталдары сыяктуу ар кандай медиа-секторлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышты. Президент менен ММК жетекчилеринин ортосундагы баарлашуу эки сааттан ашык уланып, анын жүрүшүндө коом үчүн жана түздөн-түз медиа чөйрө үчүн маанилүү маселелердин ар кандай аспектилери каралды.
Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мамлекеттеги ачык-айкын маалыматтык саясатты камсыз кылуу үчүн ММК өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.