• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент: Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы

23 Бирдин айы 2019 18:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.02.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мекен коргоочуларынын күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

«Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы. Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун каарман эмгекчилерине жана согушка катышкан баатырларга сый-урмат көрсөтөбүз. Өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган каармандарыбызды урматтайбыз. Болочок Мекен коргоочуларга — өсүп келе жаткан жаштарыбызга зор үмүт артабыз»,-деп айтылат маалыматта.

Президенттин айтыманда, аскер кызматы дайыма мамлекеттин тиреги жана ата-бабаларыбыздын мыкты салттарын улап кетүүнүн жакшы көрүнүшү  болуп келген. Жыл өткөн сайын өлкөбүздүн жаштары арасында аскердик кызматтын кадыр-баркы өсүп жатканы жакшы саамалык.

«Уюткулуу элибиздин биримдиги, ынтымагы жана мекенчилдиги, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы ар кандай тышкы коркунучтарга каршы туруп, жарандарыбыздын жаратман эмгегин жана өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактайт деп ишенебиз»,-деди президент.

Количество просмотров: 11