• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президент менен биринчи айым Пекинге келди

19 Бугу 202316:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кытайдын Пекин шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган шаарда президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар уланат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Эртең президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Цзинань шаарында уланат.

Количество просмотров: 320