• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Президент отурган өкмөт үйү оңдолууда

22 Кулжа 2022 11:33 Бишкек Govori.TV

Борбор калаадагы өкмөт үйүнүн сыртын оңдоп түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу «Govori.TV» агенттиги жеринен таанышып келди.


А бирок, мындай иш-чара кимдин демилгеси жана кандай зарылдык менен канча каражат кетип жаткандыгы тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок.


Президенттин маалымат кызматы «Бул имараттын фасадын оңдоп-түзөө боюнча пландуу иш. Имарат өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери пайдаланылып келатат. Ошондон бери имараттын фасады капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Имарат тарыхый эстеликтердин реестринде болгондуктан, долбоор Маданият министрлиги менен макулдашылган»,-деп жооп берди.

Бирок канча каражат кетет маалымат берген жок.

Президенттин иш башкармалыгына кайрылып, ал жактан «жетекчилик азырынча жок. Келсе маалымат берели»,-деген сыпайы жооп алдык.

Жыйынтыктап айтканда бардык тиешелүү тарап, так маалымат берүүдөн баш тартып, кооптонуп жаткандай туюлду.

Кошумчалай кетсек, буга чейин салынып жаткан ак үйгө мамлекеттен бир сом да коробойт деп айткан.

Количество просмотров: 220