• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президент прокуратура тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады

31 Тогуздун айы 2023 17:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун биринчи окууда карап, жактырды.

«Прокуратура жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Президент демилгелеген эки мыйзам долбоору боюнча депутаттарга Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат берди.

«Негизги максат – Конституцияга жана башка мыйзам актыларына ылайык келтирүү, ички коллизияларды жоюу, мамлекеттик жана расмий тилдердеги кээ бир айырмачылыктарды бири-бирине дал келтирүү жана укук колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен айрым жоболорду жакшыртуу».

Бул өзгөрүүлөр колдоо тапса прокурорлор сотко чейинки текшерүү жүргүзүүгө, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоп, тергөө органдарына тиешелүүлүгүнө жараша өткөрүп берүүгө же козгоодон баш тартууга, мыйзамда каралган учурда иштерди бириктирүүгө жана бөлүүгө, кылмыш иштери боюнча мыйзам бузуу болсо төмөн турган прокурорду четтетүүгө шарт түзүлөт.

Талкууда, депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбооруна карата коомдук угуу өткөрүү талабын сурады. “Коомчулукта прокуратура бул мыйзам долбоору менен кайрадан тергөөнү өзүнө алып жатат? деген суроолор бар”,- деди депутат. Депутат Эмил Жамгырчиев шайкеш келтирүү максатында демилгеленип жаткан мыйзам долбоорун колдоого аларын билдирди. Ошондой эле, депутат аскердик кылмыштарды тергеген аскер прокуратурасынын тергөөчүлүрүнүн штаттык бирдигин көбөйтүү маселесин демилгеледи. Депутат Динара Ашимова экологиялык маселелерди чечүү жана аткаруу багытында көзөмөл жүргүзгөн экология прокуратурасын уюштурууну тактап, министрликтердеги стратегиялык концепциялардын аткарылышын контролдоо жагын колго алууну сунуштады.  

Количество просмотров: 102