• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президент райондор аралык соттордун функцияларын райондук сотторго өткөрүүнү сунуштады

17 Бугу 2018 13:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV.
“Райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу зарыл. Сот адилеттигине жетиш үчүн жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү керек”. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.
Өлкө башчысы коомдун зарыл болгон маселеси – сот реформасы экенин баса белгиледи.
“Жарандарыбыз өз укугун коргош үчүн сот органдары алыс жайгашкандыгына карабай, процесстерге барып катышат. Айлап, жылдап созулган сот отурумдары көп. Биз жарандарыбызга кошумча чыгымга учурабагыдай шарттарды түзүп беришибиз зарыл”, — деди өлкө башчысы.
Андан ары Президент С.Жээнбеков азыр экономикалык жана административдик талаштарды чечүү милдети райондор аралык сотторго берилгенин, а алар облустардын борборлорунда жайгашкандыктан, коңшулаш жер участогун талашкан жарандар дагы борбордогу райондор аралык сотторго барууга мажбур болуп жатышкан учурларды мисал келтирди. Бул маселеге токтолгон мамлекет башчысы райондор аралык соттордун функцияларын жана штаттык бирдиктерин райондук сотторго өткөрүп берүүнү сунуштады.
Айта кетсек, республика боюнча 8 райондор аралык соттор бар. Алардын штатында 27 судья эмгектенип келишет.

Количество просмотров: 35