• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

7 июня 2023 в 23:14 Бишкек Govori.TV
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) иш сапары менен барды.

Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров «Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда» темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.
Форум Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.
Количество просмотров: 67

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда