• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казань шаарына келди

23 Тогуздун айы 202421:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда иш сапары менен Казань шаарына келди.

Президент Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын Раиси — Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто БРИКСке мүчө мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Садыр Жапаров менен учурашып, улуттук сый тамактарды тартуулашты.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

Количество просмотров: 129