• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент Садыр Жапаров китеп жазып жатат

26 Бирдин айы 2021 15:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында «Российская газета» гезитине маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 26-февралдагы санына жарыяланды. Анда Жапаров «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китебин улантып жазып жатканын айтты.

 «Саясаттагы 10 жыл китебин 2014-жылы Польшада жүргөндө жазгам. 2017-жылы Мекениме кайтып келгенден кийин, мени саясий себептер менен түрмөгө камашты. Ошол учурдан баштап мен бул китептин уландысын жаза баштадым. Ошондон бери көптөгөн саясий окуялар болуп өткөндүгү талашсыз, алар жаңы китепте чагылдырылат. Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Тилекке каршы, учурда бош убакыттын жоктугунан аны аягына чейин чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Бирок Кудай буюрса, мен анын үстүнөн иштеп, сөзсүз бүтүрөм»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 467