Бүгүн, 11-апрелде президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Садыр Жапаров шайлоо тилкесине жубайы менен келди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүүдө. Жалпы 448 жергиликтүү кеңеш бар. Анын 420сы — айылдык кеңеш, 28и — шаардык кеңеш. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.