• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров Венгрияда ТМУ бейформал саммитине катышат

20 Бугу 202512:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 20-21-майда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Уюмдун байкоочу өлкөсү — Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.

Количество просмотров: 151