• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент шаар тургундарын Ботаникалык бакка көчөт отургузууга чакырды

20 Чын куран 202414:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров шаар тургундарын Ботаникалык бакка барып эс алууга, көчөт сатып алып отургузууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбук баракчасына жазды.

«Бишкек шаарыбыздын Горький көчөсүндө жайгашкан Э. Гареев атындагы бакты шаардын тургундары үчүн эс алуучу сейил бак кылып ачтык. Келип бала-чакаңыздар менен эс алып кетип турсаңыздар болот. Баардык шарттар түзүлгөн. Көчөттөр менен гүлдөрдүн түрлөрү сатылат. Каалаган көчөттөрдү сатып алсаңыздар болот. “Жашыл мурас” аттуу демилгемди колдоп, ар жылы жаз айларында көчөт олтургузуңуздар. Жашыл өлкөгө айланалы»,-деди ал.

Количество просмотров: 98