• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Шевченкону жеңиши менен куттуктады

27 Аяк оона 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Президент  Садыр Жапаров телефондук сүйлөшүү учурунда жеңил салмак категориясындагы чемпион Валентина Шевченкону Парадайс шаарында өткөн (АКШ) UFC 266 аралаш таймаш боюнча беттештеги кезектеги жеңиши жана чемпиондук наамын коргоосу менен куттуктады. 

Мамлекет башчысы АКШ өкүлү Лорен Мёрфини ишенимдүү жеңген атамекендик спортчунун эң жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

«Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Сиз абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем», — деп белгилеген президент Садыр Жапаров Валентина Шевченкого бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалаган.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко 26-сентябрь күнү америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды.

Количество просмотров: 132