• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

22 Бештин айы 201814:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.12.2018.Govori.TV

  

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

 «Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын энергетиктер күнү менен куттуктайм.

Энергетика — мамлекетибиздин экономикасында жана социалдык турмушунда абдан маанилүү милдет өтөгөн тармак. Энергетиктердин талыкпаган эмгегин ашкере баалоого мүмкүн эмес.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, Кыргызстан жакынкы жылдары электр энергиясын өндүрүү боюнча региондо алдыга чыгып, мамлекеттин жана региондун энергетикалык коопсуздугун камсыздоого, энергия булактары ар бир керектөөчү үчүн жеткиликтүү болушуна жетишип, тармакты ыкчам өнүктүрүүгө тийиш.

Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр мамлекеттин энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча белгиленген пландарды ишке ашырууга өбөлгө болот деп ишенем.

Кыргыз Республикасынын азыркы энергетика тармагын өнүктүрүүгө бекем негиз түптөгөн, мыкты адистердин бир нече муунун калыптандырган ардагерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Ушул кесиптик майрам күнү өлкөбүздүн бардык энергетиктерине чың ден-соолук, бейпилдик жана бакубатчылык каалайм. Түйшүктүү жана абдан маанилүү ишиңиздерди дайыма ийгиликтер коштосун»,-деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Количество просмотров: 120