• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарында топ ойноду

24 Тогуздун айы 2018 15:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы «Газпром» компаниясынын спорт комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда тургундар менен жолугуп, сөз сүйлөдү. Ошондой эле спортчулар менен бирге волейбол ойноп, окуучулук жана студенттик күндөрүн эскерген.

Ал эми Президент өз сөзүндө Орусияны Кыргызстандын эң ынак өнөктөшү деп белгилеп,  «Газпром» компнаиясына ыраазчылык билдирген.

 

Количество просмотров: 20