• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясында курман болгондорду эскерди ( Фоторепортаж )

17 Жалган куран 2018 12:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.03.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.
Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жайгашкан 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Эстелигине гүл койду.

сүрөт президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнө тийиштүү

 

 

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөнгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.
Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Акаевдин бийлигинин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын айрымдары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баарына көп өтпөй эле мунапыс берилген. Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча иш кайра козголуп, бирок Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.
Количество просмотров: 10