• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге барат

10 Бугу 201811:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.05.2018. Govori.TV
Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жуманын аягында Орусиянын Сочи шаарына сапар тартат. Бул тууралуу анын аппаратынан билдиришти.
Анда белгилүү болгоной, 14-майда Сочи шаарында Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкө башчыларынын кезектеги саммити өтмөкчү. Саммитте 2017-жылдын 12-октябрындагы талкууланган маселелердин жыйынтыгы чыгарылып, биримдиктеги иш-чаралар талкууга алынмакчы.
Ошондой эле биримдиктин Жогорку экономикалык Кеңешинин жыйыны өтүп, өлкөлөр аралык соода-экономикалык карым-катнаштар боюнч өз ара сүйлөшүүлөр өтөөрү күтүлүүдө.
Количество просмотров: 97